ЖМК: Трамптын Зеленский тууралуу кеби Европаны кооптондурууда

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленский тууралуу билдирүүсү европалык лидерлерди кооптондурушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg жазды.
"Трамптын Reuters агенттигиндеги кеби АКШ Украинаны бүк түшүрө турган кадамдарга барышы мүмкүн деп кооптонгон европалык союздаштарды азыркыдан да көбүрөөк тынчсыздандырышы мүмкүн", — деп айтылат макалада.
Жарыяланган материалда Трамптын бул билдирүүсү акыркы апталардагы позициясынан айырмаланып калганы белгиленген. Анткени буга чейин ал көбүнчө Россиянын президенти Владимир Путинди сындап келген.
Бейшемби күнү Ак үйдүн башчысы Reuters агенттигине Москва келишим түзүүгө даяр экенин, ал эми жаңжалды жөнгө салуунун создугуп жатышына Зеленский себепкер болуп жатканын айткан.
Ошондой эле Bloomberg агенттиги АКШнын делегациясы январь айында Россияга барууну пландап жатканын жазды. Делегация Киевге коопсуздук кепилдиктерин талкуулап, жаңжалды жөнгө салуу боюнча пландардын долбоорун сунуштоону көздөөдө.
Зеленский Украинада мобилизацияны жана аскердик абалды узартууну сунуштады