Трамп Зеленскийди Украина боюнча макулдашууну создуктурууда деп айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Россия украин жаңжалын жөнгө салууга даяр болгону менен аны Владимир Зеленский создуктуруп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу Reuters агенттигине маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады.
Маалыматта АКШ лидери РФ президенти Владимир Путин Зеленскийден айырмаланып макулдашууга кол коюуга "даяр турат" деп айтканы белгиленет.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин 2-декабрь күнү Кремлде АКШ башчысынын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнерди кабыл алган. Өкүлдөрдүн Россияга болгон сапары АКШнын Украина боюнча тынчтык планын талкуулоого байланыштуу эле. Путин америкалык тарап пландын 27 пунктун төрт чоң бөлүккө бөлүп, ар бирин өзүнчө талкуулоону сунуштаганын билдирген.
РФ лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков Кремлдеги сүйлөшүү маңыздуу болгонун белгилеп, байланыш уланарын айткан. Буга Россия армиясынын согуш талаасындагы ийгилиги да себепкер экени кошумчаланган болчу.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Киев режими бир чечимге келип сүйлөшүүнү башташы керектигин, РФ армиясынын батыл аракетинен улам Киев үчүн шарт-талап барган сайын катаалдашып жатканын белгилеген. Анын айтымында, мындай жагдай Киевди эпке келүүгө мажбурлайт, болбосо согуштук аракеттердин уланышы Украина үчүн өтө кооптуу.
ЦРУнун экс-аналитиги: орустар Киев менен Львовду ээлегенден кийин Батыш эсине келет