Минкаб Токтогул суу сактагычында канча суу калганын кабарлады

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында ушу тапта 9 миллиард 102 миллион куб метр суу бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматта суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 631 миллион куб метрге аз.
Белгилей кетсек, былтыр республика боюнча энергияны керектөөнүн көлөмү 19,3 миллиард киловатт-саатты түзгөн, бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 900 миллионго көп. Керектелген электр энергиясынын 15,4 миллиард киловатт-сааты Кыргызстанда өндүрүлсө, калганы импорттолгон.

"Адистер суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болорун айтышууда. Ошол себептүү бекитилген лимитти сактоо зарылдыгы белгиленди. Бирок анализ көрсөткөндөй, электр энергиямсына болгон лимит сакталбай келет", – деп айтылат маалыматта.

6,5 миллиард куб критикалык чек деп саналып, ага жеткенде ГЭСтин иши токтоп калары белгиленген.
Жапаров: энергетика үчүн соңку аракеттер болбогондо өлкө жарыксыз отурмак