БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Иранда азыр 20га чукул жараныбыз бар, алардын жарымы дипломаттар, калгандары менен да байланыштабыз. Мындай маалыматты ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев жыл жыйынтыгын чыгарып басма сөз өкүлдөрү үчүн курган жыйында айтты.
Министр Ирандагы кыргызстандыктар жайындагы чатактан кийин чыгарылып кеткенин, азыр анча көп эместигин билдирди.
"Жыйырмага чукул жараныбыз бар. Ону — дипломаттар. 10-12си — ирандыктарга турмушка чыккан кыздарыбыз. Алар элчилик менен тыгыз байланышта. Кырдаал эгерде мындан ары курчуп кетсе, чыгарып кеткенге аракет кылабыз. Интернет жок болсо деле элчилик менен башка жолдор аркылуу кабарлашып турабыз", — деди министр.
Эске салсак, учурда Иранда саясий кырдаал чайпалып турат. Нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталып, башаламандыкка чейин өсүп кеткен. Ал учурдагы бийликке каршы ураандар менен коштолууда. Эки тараптан тең өлгөн адамдардын саны 500гө чукулдап барганы айтылды. Расмий Тегеран саясий олку-солкулукка АКШ менен Израиль катышканын билдирүүдө.