Өлкө телеканалдарына 400дөн ашуун ата мекендик тасма менен мультфильмдер берилет

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстандык телеканалдарга 400дөн ашуун ата мекендик тасма, 40тан ашык анимациялык фильм жана 10дон ашык киносериал берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Бүгүн маданият министринин орун басары Марат Тагаев өлкөдөгү бардык телекомпаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле "Кыргызфильм" жана "Кыргызсериал" мекемелеринин өкүлдөрү катышкан жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө телеканалдарды кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Телеканалдар 1,5 айдын ичинде аталган мекемелер менен келишим түзүп, контентин толукташы керек. Болбосо мартта пландуу текшерүү жүргүзүлүп, ага жараша жыл соңунда тиешелүү чаралар кабыл алынары кошумчаланды.
Тагаев "Телевидение жана радиоберүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, прайм-тайм учурунда мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалар менен берүүлөрдүн үлүшү кеминде 60 пайызды түзүшү керектигин эске салды.
Учурда Кыргызстанда 42 телеканал иш алып барат. Алардын ичинен УТРК жана ЭлТР мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
D Billions командасы балдар үчүн кыргыз тилинде видеолорду даярдай баштады