Ал "Союз-4" станциясы космоско жиберилген соң бир күндөн кийин сапарга аттанган. Бортто космонавттар: Борис Волынов, Алексей Елисеев жана Евгений Хрунов болгон.
16-январда кемелер биригип, дүйнөдөгү тажрыйба жасалган алгачкы космостук станция түптөлгөн.
Хрунов менен Елисеев бир кемеден экинчисине ачык космос аркылуу өткөн. Ошентип советтик конструкторлор Ай программасынын элементтерин жана экипаждарды куткаруу ыкмаларын иштеп чыгат. Бул миссия чоң жетишкендик болгон — кемелер бириккен абалда төрт сааттан ашык убакыт турушкан. Бул орбитада татаал объектилерди чогултууга жана тейлөөгө мүмкүн экенин далилдеген.
"Союз-5" кемеси кайтып келе жатканда аз жерден кырсыкка учурай жаздаган. Техникалык мүчүлүштүктөн улам аппарат өтө кооптуу траекторияга түшүп, адам чыдагыс жогорку басымга тушуккан. Жерге катуу конгонуна жана олуттуу жаракаттарга карабастан Борис Волынов аман калган.
Ийгиликтүү учканы жана каармандыгы үчүн 1969-жылдын 22-январында Волыновго, Елисеевге жана Хруновго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Бул ийгилик келечектеги орбиталык комплекстерди түзүүнүн пайдубалы болуп калды. Алар — "Салюттан" тарта легендалуу "Мир" жана бүгүнкү күндөгү "МКСке" чейинки станциялар.