БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россия Киев жана аны колдогон тараптар узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүүнүн зарылдыгын түшүнөрүнө ишенет. Бул тууралуу Владимир Путин билдирди.
Россия лидери бүгүн Кремлде чет өлкөнүн элчилерине ишеним грамоталарын тапшырды. Иш-чарадагы 24 дипломаттын арасында "дос эмес" 11 мамлекеттин, анын ичине Франция, Норвегия жана Швециянын элчилери болду.
"Россия европалык жана глобалдык коопсуздуктун жаңы, ишенимдүү жана адилеттүү архитектурасын куруу боюнча демилгелерди бир нече жолу көтөргөнүн эске сала кетейин... Аларды кайра талкуулоо керек деп эсептейм. Украинадагы жаңжал канчалык тез чечилсе, ошончолук жакшы болот", — деген Путин.
Дагы эмнелерге токтолду:
Россия койгон максаттарына жетүүдө, Украина тынчтык келишимине даяр экенин азырынча билдире элек;
Россия Европа өлкөлөрү менен сый-урматка негизделген конструктивдүү кызматташтыкка даяр;
Россия көп полярдуу дүйнөлүк тартиптин талаптарын жана БУУнун борбордук ролун бекемдөөнү жактайт;
Заманбап дүйнөдө кырдаал улам кыйындап барат. Дипломатия бир тараптуу жүрүүдө, диалог буйрук бергендердин монологу менен алмашып калып жатат;
Эл аралык укукту бардык мамлекет сакташы керек.