Кремль Трамптын Зеленскийдин аракеттери тууралуу айткан пикирин колдойт

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кремль АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленский Украинанын айланасындагы жаңжалды жөнгө салуу процессин кечеңдетип жатат деген билдирүүсүнө кошулат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлаганын РИА Новости жазды.

"Киев режими үчүн кырдаал күн сайын оорлоп бара жатат. Биз былтыр эле Зеленский жоопкерчиликти өзүнө алып, туура чечим чыгарышы керек экенин айтканбыз. Бирок Киев эч нерсе кыла элек", — деди Песков.

Бейшемби күнү Ак үйдүн башчысы Reuters агенттигине Москва келишим түзүүгө даяр экенин айтып, жаңжалды жөнгө салуунун создугуп жатышына Владимир Зеленскийди күнөөлөгөн. АКШнын делегациясы январь айында Россияга барууну пландап жатканын бир күн мурда Bloomberg кабарлады. Маалыматка караганда, делегация Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү маселесин талкуулап, жаңжалды жөнгө салуу боюнча пландардын долбоорун сунуштоону көздөөдө.
ЖМК: Трамптын Зеленский тууралуу кеби Европаны кооптондурууда