Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көкпар кирди

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымат жыйын өткөрүп, күздө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып беришти.
Оюндардын ачылыш аземи 31-августта Бишкекте курулуп жаткан "Бишкек арена" стадионунда өтөт. Быйылкы иш-чараны уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сом бөлүү пландалууда.
Маалым болгондой, бул ирет программага көкпар да, көк бөрү да киргизилген. Буга чейин оюндарда көкпар болбой турганы, ал эми көк бөрү боюнча мелдештер клубдук форматта өтөрү айтылган. Жалпысынан спортчулар улуттук оюндардын 43 түрү боюнча күч сынашат.
Оюндарга катышуу үчүн 100 мамлекетке чакыруу жөнөтүлүп, азырынча 40тан ашык мамлекет оюнга катышууга макулдугун билдирген. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү спортчулар Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 1-майдан 1-июлга чейин аккредитациядан өтүшү керек.
Эскерте кетсек, 2014-жылы башталып, эки жылда бир тартууланган Көчмөндөр оюндарынын алгачкы үчөө Кыргызстанда өтүп, кийинкиси Түркияда болгон. Соңку оюн Казакстанда өтүп, Кыргызстан мындан аркысын өзү өткөрүүнү чечкен.
Акча көбүрөөк бөлүнөт. Бийликтен Көчмөндөр оюндары кандай өтөрүн айтып беришти