БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Иранда кырдаалдын курчушу жалпы Жакынкы Чыгыштагы аймактык тең салмакты бузуп, кесепети оңдурбай турган жарандык согушка кептеши ыктымал. Бул туурасында Hürriyet басылмасы жазды.
Гезит Анкара масштабдуу кооганын, башаламандык же куралдуу ички кагылыштын кесепети Түркияга тиерин сезип турганын белгилеген. Иран аймакташы Ливан, Сирия жана Ирактан диний тартиптеги куралдуу күчү менен айырмаланып, андан сырткары, уюшкандыгын жогорку деңгээлде жана кубаттуу бойдон кала берери жазылган. Басылма кризистин бул шартта өтө коркунучтуу болорун баса белгилеген.
"Үчүнчү мамлекеттердин, ири алдыда АКШ менен Израилдин ички чатакка киришүүсү Иран эле эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы абалды олку-солку кылышы мүмкүн. Окуянын мындай өңүттө өнүгүшү аймактагы туруктуулукка доо кетирмекчи", — деп айтылат макалада.
Басылма Түркиянын ортомчулук аракетин баса белгилеп, иран тарап кырдаал курчуп кеткенден кийин эмне болорун толук эле сезип жатат болду бекен деген собол койгон. Эгерде дипломатиялык демилгелер суу кечпей калса, аймак геосаясий реалдуулук менен бет келерин жана бул "Түркиянын кызыкчылыктарына" да тиешеси барын жазган.
Ирандагы нааразылык акциялар 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталып, башаламандыкка чейин өсүп кеткен. 1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан соң өлкөдө каршылык акциялары күчөгөн. Эки тараптан тең өлгөн адамдардын саны жарым миңге чукулдап барганы кабарланды. Расмий Тегеран саясий олку-солкулукка АКШ менен Израиль катышканын билдирип, 12-январда кырдаал жөнгө салынганын билдирди.
Reuters агенттиги атын айткысы келбеген аткаминерге таянып, АКШ Жакынкы Чыгыштагы маанилүү базалардан кызматкерлерди алып чыгып кетип жатканын кабарлаган. Агенттик бул нерсе Тегеран эгерде АКШ аларга кол салса, Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга чабуул жасай турганын эскерткенден кийин болгонун жазган.