Депутаттар кымыз, бозо ичип рулга отургандарга айып салынбашы керек деп эсептейт

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. ЖК депутаттары Улукбек Карыбек уулу менен Дастан Бекешев кымыз же бозо ичип рулга отургандарга айып салынбашы керек деп эсептейт.
Бүгүн парламентте жол кыймылынын коопсуздугу боюнча айрым мыйзамдарды өзгөртүү маселеси каралды.
Эл өкүлдөрүнүн айтымында, мас айдоочуларга жаза чегерүүдө кымыз жана бозо спирт ичимдиги менен бирдей каралып калууда.
Буга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жооп берди.
"Бул абдан чоң маселе. Кымыз менен бозо кээде сырадан да күчтүү болуп, градусу көп болуп калат. Муну шашпай карашыбыз керек", — деди Урмамбетов.
Ал алкотест ар бир суусундукту өзүнчө аныктап бербей турганын айтып, айдоочу ичип-ичпегенин эле көрсөтөрүн белгилеген.
ИИМ ичип алып рулга отургандардын жазасын күчөтүүнү сунуштап жатат