БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрдү. Министрлер кабинетинин токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Документке ылайык:
чет өлкөлүктөр эми визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ар 60 күндө кайра кирүү мүмкүн (мурда ар 120 күндө 60 күн болчу);
Өзбекстандын жарандары үчүн өзүнчө тартип каралган: алар 120 күн өткөрүп 60 күнгө чейин уруксат кагаздарысыз жүрө алышат;
БУУнун кызыл паспортунун ээлери үчүн визасыз жүрүү мөөнөтү 60 күндү түзөт.
Төмөнкүлөр үчүн мурдагы тартип калтырылды:
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары — 180 күн өткөрүп 90 күн;
Сербия, Түркия, Украина, Монголия — 180 күн өткөрүп 90 күн;
Сауд Арабиясы, БАЭ, Катар, Кувейт, Оман, Бахрейн — 360 күн өткөрүп 180 күн.