ТИМ: былтыр Садыр Жапаров 24 ирет чет мамлекетке сапарга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 2025-жылы президент Садыр Жапаров 24 ирет чет өлкөгө сапарга чыкты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын ичинен үчөө — мамлекеттик, үчөө — расмий болсо, калганы иш сапар болгону айтылды.
"Активдүү саясий диалогдун жыйынтыгында Кытай жана Монголия менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин деңгээли жогорулатылды. Бул өлкөнүн тышкы саясий позицияларын бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болду", — деди ТИМ башчысы.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 19 ирет чет өлкөгө чыккан. Анын ичинен үчөө — расмий, 16сы иш сапар болуп саналат.
Кулубаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 8 ирет чет мамлекетке чыгып, анын ичинен экөө — расмий, алтоо иш сапар болгон.
Тышкы иштер министри 2025-жылы 16 сапар жасаган, анын ичинде алтоо — расмий, 10у — иш сапарлар, ошондой эле бир онлайн-форматтагы жолугушуу болгон. Мындан тышкары, өткөн жылы кол коюуга даярдалган 633 эл аралык документ иштелип чыккан.
"Биз ар тараптуу жана прагматизм багытындагы саясатты улантып, бардык өнөктөштөр менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого умтулдук", — деди Кулубаев.
15 миң долларга чейин күрөө. ТИМ АКШ элчиси менен виза маселесин талкуулады