Министр Кулубаев: Батыштын кыргызстандык компанияларга санкция киргизгени туура эмес

Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Батыштын Россия менен байланышы бар деп кыргызстандык компанияларга санкция киргизгени туура эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында Sputnik кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында, Батыш мамлекеттери ата мекендик компаниялар санкциялык режимди бузганын далилдеген так фактыларды таап бере алышкан эмес.
"Биз АКШ жана Европа биримдиги менен бир нече жолу сүйлөштүк. Өз позициябызды түшүндүрдүк. А түгүл көз карандысыз аудит жүргүзүүнү да сунуштадык. Бирок алар андай зарылчылык жок экенин белгилеп, бир тараптуу тартипте санкция салып жатышат. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз", — деди министр Sputnik кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып.
Кулубаев Кыргызстан туруктуу өнөктөштөрү менен соода-сатыкты токтото албасын белгилеген.
Улуу Британия кыргызстандык компанияга санкция салды