БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү 15-февралга чейин акысыз алмаштырууга жетишпей калгандар үчүн убактысы узартылышы мүмкүндүгүн билдирди.
Ошондой эле 16-январдан баштап "Түндүк" порталында айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 формасындагы маалым кат талап кылынбайт.
Президенттин иш башкаруучусу бул документти алгач ирет алып жаткандарга эмес, мурдагы күбөлүгүн алмаштырып жаткандарга гана тиешелүү экенин белгиледи. Ошондой эле чет өлкөлөрдө пайдаланууга жараксыз болгондуктан мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу зарылдыгы жаралганын кошумчалады.