БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында айдоочулукка окутуу мөөнөтүн узартуу чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгы айтылды.
Дастан Бекешев мындай чечим кабыл алынса жаштар айдоочулук күбөлүктү коңшу өлкөлөрдөн ала баштаарын айткан. Ошондой эле Японияда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн үч ай талап кылынарын, ал эми АКШ менен Грузияда андан да аз экендигин кошумчалаган.
Дагы бир эл өкүлү Болот Ибрагимов дүйнөнүн бир да мамлекетинде мындай практика жок экенин айтты.
"Жол кырсыктарынын негизги себеби — коррупция. Мурда адамдар айдоочулук күбөлүктү сатып алышчу, бул жарандардын эмес, мамлекеттин күнөөсү. Ал эми бүгүн биз элди кыйнап, айлап окууга мажбурлап жатабыз. Бул түп-тамырынан туура эмес. Чечимди кайра карап чыгыш керек", — деди депутат.
Буга чейин президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов автоунаа айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө берген. Анда С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн окуунун мөөнөтү 10 ай, ал эми В, С категориясына ээ болом дегендер 12 ай окуйт. Ошондой эле мурда экзаменде 750 суроо болсо, эми анын саны 2000ге жеткен.