БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттарынын Гренландияга басып кириши НАТОнун маани-маңызын жоготот. Мындай пикирин Даниянын ТИМ башчысы Ларс Лёкке Расмуссен Ак үйдө мамлекеттик катчы Марко Рубио, вице-президент Жей Ди Вэнс менен жолуккандан кийин айтты.
"Мындай болбойт деп үмүт кылам. Бул НАТОнун мурдагыдай мааниге ээ болбой калганын көрсөтөт", — деген Даниянын министри Fox News телеканалынын АКШнын аралга басып кириши тууралуу берген соболуна жооп узатып жатканда.
Расмуссен муну менен катар эле АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландия боюнча улам-улам эскертип жатканы айтылып кала берчү сөз эместигин Ак үй олуттуу туюндурганын билдирген. Министр Вашингтон чындыгында эле аралды алууга аттанып түшкөнүн моюнга алган.
"Гренландиялыктардын баары эле буга макул болуп кирип кетиши мүмкүн эмес. Акыркы сурамжылоодо элдин алты пайызы гана америкалык болууга ниети барын билдирген", — деди Расмуссен.
Даниянын ТИМ башчысы өзү да, кесиптеши, Гренландиянын тышкы ведомствосунун жетекчиси Вивиан Моцфельдт (ал да аталган жолугушууга келген) да АКШнын арал боюнча көз карашын өзгөртө албаганын айткан.
Трамптын Гренландия боюнча пландары
Ак үйдүн башчысы экинчи жолку президенттик мөөнөтү башталгандан тартып эле арал Кошмо Штаттарга кириши керектигин айтып келет. Ал эми кечээ, 14-январда, Түндүк атлантикалык альянс (НАТО) АКШга Гренландияны алганга жардам бериши керектигин, болбосо Россия же Кытай "ээлеп кетиши" мүмкүндүгүн жар салды.
АКШнын Венесуэлага каршы аскердик операциясынан соң Трамп Гренландия боюнча пландарын улам-улам эскертчү болду.
Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышалыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү жүргүзүп келет.