БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да иммиграциялык виза берүүнү токтотту. Бул туурасында маалыматты Fox News америкалык диломатиялык ведомствонун кызматттык меморандумуна таянып билдирди.
Басылманын маалыматы боюнча, чечим 21-январда күчүнө кирет жана канча убакытка чейин созулары белгисиз.
Мындай кадам АКШнын иммиграциялык мыйзамдарынын "социалдык жүк" деп аталган жобосунун алкагында текшерүүлөрдү күчөтүү максатын көздөйт дешти.
Тизмеде ошондой эле коңшулардан Казакстан, Өзбекстан, Россия бар.
Иммиграциялык визалар АКШда туруктуу жашоого берилет. Буга туризм же окуу максатындагы визалар кирбейт.
Мамлекеттик департаменттин социалдык тармактардагы баракчаларында ведомство 100 миңден ашык визаны жокко чыгарганы көрсөтүлгөн. Алардын ичинде сегиз миңге жакын студенттик, ошондой эле АКШнын укук коргоо органдары менен мурда байланышта болгон, кылмышка тиешеси барлар үчүн берилип кеткен 2 500дөй атайын виза бар экени айтылат.
Американын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн андай кылмышкерлерди депортациялоону уланта тургандыктарын кошумчалашкан.
Вашингтон виза жаатында катаал тартип боюнча кадамды буга чейин да жасаган. Тагыраагы, туристтик, иш же жеке сапарга баргандарга визалык күрөө системасын колдонорун, ал 5000ден 10 000 долларга чейин коюла тургандыгын жар салган.