16-январга карата аба ырайы

16-январга караган түнү айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас жергесинде +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градус болсо, Нарын аймагында -8...-13 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +4...+6 градуска чейин жылып, күндүз жааган жаан карга айланат. Ош шаарында жаан жаап +2...+7 градус жылуу болот.
Минкаб Токтогул суу сактагычында канча суу калганын кабарлады