«Стоп кадр» программасында бул жолу биз "Миграция жаш айым-режиссерлордун көзү менен" долбоору тууралуу кеп кылдык. 16-январда Бишкекте жаш айым режиссёрлордун катышуусундагы «Камеранын артындагы кыздар» долбоору сунуш кылган кыска метраждуу даректүү тасмалардын жабык көрсөтүүсү өтөт. Бул долбоордо катышуучулар Кыргызстандагы эң татаал жана сезимтал темалардын бири болгон ички жана тышкы миграция тууралуу өздөрүнүн алгачкы тасмаларын тартты. Аймактардан шаарларга көчүү, ар түрдүү маданияттар менен жашоо, үйүн жоготуу жана аны издөө сезими, жер которуунун адамдын өзүн таанууга жана келечекке тийгизген таасири — ушулардын баары тасмалардын башкы темасы. Көрсөтүүдөн кийин катышуучулар жана тажрыйбалуу насаатчылар менен ачык суроо-жооп талкуусу өткөрүлө турганы айтылды. Миграция темасы тасмаларга кандай чагылдырылды? Кененирээк бул чыгарылышта.