Кремль Трамптын Зеленскийдин аракеттери тууралуу айткан пикирин колдойтИран кризиси Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмагын бузуп, өзгөртүшү мүмкүнӨлкө телеканалдарына 400дөн ашуун ата мекендик тасма менен мультфильмдер берилетАлдыда кененирээкКыргызстандык телеканалдарга 400дөн ашуун ата мекендик тасма, 40тан ашык анимациялык фильм жана 10дон ашык киносериал берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Бүгүн маданият министринин орун басары Марат Тагаев өлкөдөгү бардык телекомпаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле "Кыргызфильм" жана "Кыргызсериал" мекемелеринин өкүлдөрү катышкан жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө телеканалдарды кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Телеканалдар 1,5 айдын ичинде аталган мекемелер менен келишим түзүп, контентин толукташы керек. Болбосо мартта пландуу текшерүү жүргүзүлүп, ага жараша жыл соңунда тиешелүү чаралар кабыл алынары кошумчаланды. Тагаев "Телевидение жана радиоберүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, прайм-тайм учурунда мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалар менен берүүлөрдүн үлүшү кеминде 60 пайызды түзүшү керектигин эске салды. Учурда Кыргызстанда 42 телеканал иш алып барат.
Кремль АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленский Украинанын айланасындагы жаңжалды жөнгө салуу процессин кечеңдетип жатат деген билдирүүсүнө кошулат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлаганын РИА Новости жазды. "Киев режими үчүн кырдаал күн сайын оорлоп бара жатат. Биз былтыр эле Зеленский жоопкерчиликти өзүнө алып, туура чечим чыгарышы керек экенин айтканбыз. Бирок Киев эч нерсе кыла элек", — деди Песков. Бейшемби күнү Ак үйдүн башчысы Reuters агенттигине Москва келишим түзүүгө даяр экенин айтып, жаңжалды жөнгө салуунун создугуп жатышына Владимир Зеленскийди күнөөлөгөн.
Иранда кырдаалдын курчушу жалпы Жакынкы Чыгыштагы аймактык тең салмакты бузуп, кесепети оңдурбай турган жарандык согушка кептеши ыктымал. Бул туурасында Hürriyet басылмасы жазды. Гезит Анкара масштабдуу кооганын, башаламандык же куралдуу ички кагылыштын кесепети Түркияга тиерин сезип турганын белгилеген. Иран аймакташы Ливан, Сирия жана Ирактан диний тартиптеги куралдуу күчү менен айырмаланып, андан сырткары, уюшкандыгын жогорку деңгээлде жана кубаттуу бойдон кала берери жазылган. Басылма кризистин бул шартта өтө коркунучтуу болорун баса белгилеген. "Үчүнчү мамлекеттердин, ири алдыда АКШ менен Израилдин ички чатакка киришүүсү Иран эле эмес, бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы абалды олку-солку кылышы мүмкүн. Окуянын мындай өңүттө өнүгүшү аймактагы туруктуулукка доо кетирмекчи", — деп айтылат макалада.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 44 тыйынга евро 101 сом 85 тыйынга юань 12 сом 54 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 80 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 79 сом сом 80 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом, 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ16-январга караган түнү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-январь, жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт. Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас жергесинде +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градуска чейин ысык болсо, Нарын аймагында -8...-13 градус суук болору күтүлөт. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +4...+6 градуска чейин жылып, күндүз карга айланган жаан жаашы мүмкүн. Ош шаарында жаан жаап +2...+7 градус жылуу болот.