Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү 15-февралга чейин акысыз алмаштырууга жетишпей калгандар үчүн убактысы узартылышы мүмкүндүгүн билдирди. Ошондой эле 16-январдан баштап "Түндүк" порталында айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 формасындагы маалым кат талап кылынбайт. Президенттин иш башкаруучусу бул документти алгач ирет алып жаткандарга эмес, мурдагы күбөлүгүн алмаштырып жаткандарга гана тиешелүү экенин белгиледи. Ошондой эле чет өлкөлөрдө пайдаланууга жараксыз болгондуктан мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу зарылдыгы жаралганын кошумчалады.
2025-жылы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көптөгөн жолугушуулар жана иш-чаралар өткөрүлдү.Ошондой эле, өлкөнүн 28 эл аралык туристтик көргөзмөгө катышуусуна, жана Малайзия, Австрия, Беларусь, Россия, Монголия, Германия жана Япониядан келген туроператорлор үчүн инфотурларды уюштурууга колдоо көрсөтүлдү. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында белгилегендей, туристтик күн тартибинин алкагында,Кыргызстандын туристтик потенциалын жайылтууга багытталган жалпысынан 56 жолугушуу жана иш-чара өткөрүлдү.
Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымат жыйын өткөрүп, күздө өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып беришти. Оюндардын ачылыш аземи 31-августта Бишкекте курулуп жаткан "Бишкек арена" стадионунда өтөт. Быйылкы иш-чараны уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сом бөлүү пландалууда. Маалым болгондой, бул ирет программага көкпар да, көк бөрү да киргизилген. Буга чейин оюндарда көкпар болбой турганы, ал эми көк бөрү боюнча мелдештер клубдук форматта өтөрү айтылган. Жалпысынан спортчулар улуттук оюндардын 43 түрү боюнча күч сынашат. Оюндарга катышуу үчүн 100 мамлекетке чакыруу жөнөтүлүп, азырынча 40тан ашык мамлекет оюнга катышууга макулдугун билдирген. Эскерте кетсек, 2014-жылы башталып, эки жылда бир тартууланган Көчмөндөр оюндарынын алгачкы үчөө Кыргызстанда өтүп, кийинкиси Түркияда болгон. Соңку оюн Казакстанда өтүп, Кыргызстан мындан аркысын өзү өткөрүүнү чечкен.
АКШ президенти Дональд Трамптын Владимир Зеленский тууралуу билдирүүсү европалык лидерлерди кооптондурушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg жазды. "Трамптын Reuters агенттигиндеги кеби АКШ Украинаны бүк түшүрө турган кадамдарга барышы мүмкүн деп кооптонгон европалык союздаштарды азыркыдан да көбүрөөк тынчсыздандырышы мүмкүн", — деп айтылат макалада. Жарыяланган материалда Трамптын бул билдирүүсү акыркы апталардагы позициясынан айырмаланып калганы белгиленген. Анткени буга чейин ал көбүнчө Россиянын президенти Владимир Путинди сындап келген. Бейшемби күнү Ак үйдүн башчысы Reuters агенттигине Москва келишим түзүүгө даяр экенин, ал эми жаңжалды жөнгө салуунун создугуп жатышына Зеленский себепкер болуп жатканын айткан. Ошондой эле Bloomberg агенттиги АКШнын делегациясы январь айында Россияга барууну пландап жатканын жазды. Делегация Киевге коопсуздук кепилдиктерин талкуулап, жаңжалды жөнгө салуу боюнча пландардын долбоорун сунуштоону көздөөдө.