2025-жылы өлкөдө жан башына жашоо минимуму 8,6 миң сомду түздүДепутаттар айдоочулукка окуу мөөнөтүн узартууну кайра карап чыгууну талап кылыштыКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланса эмне милдетти аркалайтКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланса чакан, орто жана тоолуу мамлекеттердин укугун коргойт. Бул туурасында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Sputnik кабарчысынын берген суроосуна жооп узатып жатып айтты. Министр Кыргызстан 2022-жылдан бери шайлоо өнөктүгүн өткөрүп, дүйнөнүн башка аймактары менен байланышын жакшыртып жатканын белгилеген. Ал негизги атаандаш БУУнун Коопсуздук кеңешине төрт жолу мүчө болгон Филиппин экенин кошумчалады. "Бирок эл аралык маселелерди талкуулоодо бизге окшогон кичинекей мамлекеттин өкүлдөрү болушу керек деп эсептейбиз. Досторубузга таянып, ишибизди улантабыз", — деди министр. Буга чейин Кулубаев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу аракети жүрүп жатканын билгилеген.
Ошондой эле Тышкы иштер министри Кулубаев Ирандагы кыргызстандыктар тууралуу да маалымат берди. Азыр 20га чукул жараныбыз бар, алардын жарымы дипломаттар, калгандары менен да байланыштабыз, деди ал.Министр Ирандагы кыргызстандыктар жайындагы чатактан кийин чыгарылып кеткенин, азыр анча көп эместигин билдирди. "Жыйырмага чукул жараныбыз бар. Ону — дипломаттар. 10-12си — ирандыктарга турмушка чыккан кыздарыбыз. Алар элчилик менен тыгыз байланышта. Кырдаал эгерде мындан ары курчуп кетсе, чыгарып кеткенге аракет кылабыз. Интернет жок болсо деле элчилик менен башка жолдор аркылуу кабарлашып турабыз", — деди министр.
Жогорку Кеңештин жыйынында айдоочулукка окутуу мөөнөтүн узартуу чечимин кайра карап чыгуу зарылдыгы айтылды. Дастан Бекешев мындай чечим кабыл алынса жаштар айдоочулук күбөлүктү коңшу өлкөлөрдөн ала баштаарын айткан. Ошондой эле Японияда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн үч ай талап кылынарын, ал эми АКШ менен Грузияда андан да аз экендигин кошумчалаган. Дагы бир эл өкүлү Болот Ибрагимов дүйнөнүн бир да мамлекетинде мындай практика жок экенин айтты. "Жол кырсыктарынын негизги себеби — коррупция. Мурда адамдар айдоочулук күбөлүктү сатып алышчу, бул жарандардын эмес, мамлекеттин күнөөсү. Ал эми бүгүн биз элди кыйнап, айлап окууга мажбурлап жатабыз. Бул түп-тамырынан туура эмес. Чечимди кайра карап чыгыш керек", — деди депутат. Буга чейин президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов автоунаа айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө берген. Анда С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн окуунун мөөнөтү 10 ай, ал эми В, С категориясына ээ болом дегендер 12 ай окуйт. Ошондой эле мурда экзаменде 750 суроо болсо, эми анын саны 2000ге жеткен.
Улуттук статистика комитети 2025-жыл үчүн жашоо минимумунун өлчөмү тууралуу маалыматтарды сунуштады. Анда орточо эсеп менен алганда калктын жан башына жашоо минимуму айына 8 697,32 сомду түздү. Эмгекке жөндөмдүү калк үчүн жашоо минимуму 9 738,29 сом деңгээлинде белгиленди. Анын ичинде: эркектер үчүн — 9 983,49 сом; аялдар үчүн — 9 694,40 сом; пенсионерлер үчүн — 7 699,36 сом; балдар үчүн — 7 379,07 сомду түздү. Жашоо минимумунун түзүмүндө эң чоң үлүштү азык-түлүк товарлары ээлейт — 5 653,26 сом, андан кийин кызмат көрсөтүүлөр — 1 478,54 сом, азык-түлүк эмес товарлар — 1 391,57 сом, ошондой эле салыктар жана жыйымдар — 173,95 сом.