Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?

Sputnik
Быйыл Кыргызстанда эпизоотиялык абал туруктуу болуп, малдардын жугуштуу ооруларына каршы иштер ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул максатта 261,6 миллион сом каражат бөлүнгөн. 2025-жылдын 11 айында республика боюнча профилактикалык жана эпизоотияга каршы иш-чаралар 23 миллион 86 миң баш малга жүргүзүлүп, анын ичинен 21 миллион 74 миң баш мал алдын ала эмдөөдөн өткөрүлдү. Учурда өлкөдө 40 мал базар иштеп, алардын 19у ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет, ал эми 21ине карата тийиштүү чаралар көрүлдү. Ошондой эле республикада 117 мал союучу жай бар. Алардын ичинен 11и Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп берип, бирдиктүү реестрге катталган. ЕАЭБ талаптарына жооп берген союучу жайларда гана даярдалган эт чет өлкөлөргө экспорттоолорун Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.