Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 формасындагы маалым каттын кереги жокАКШ 75 өлкөнүн элине виза берүүнү токтотот, арасында Кыргызстан барМинистрлер кабинети Токтогул суу сактагычында 9 млрд куб суу калганын айттыАлдыда кененирээкМинкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик жетекчилердин жыйыны өттү. Анда быйылкы күз-кыш жылытуу мезгили талкууланып, Токтогул суу сактагычында 9 млрд 102 млн куб метр суу калганы кабарланды. Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 631 млн куб метрге аз. Буга байланыштуу, адистер суунун аздыгынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү да төмөн болоорун коңгуроо кылууда. Ошол себептүү, бекитилген лимитти кармоо зарылдыгы белгиленди. Бирок анализ көрсөткөндөй, электр энергияга болгон лимиттер сакталбай келет. Эске салсак. Токтогул суу сактагычы үчүн 6,5 млрд куб критикалык чек деп саналып, ага жеткенде ГЭСтин иши токтоп калары белгиленип келет.ал эми көмүр өндүрүү быйылкы жылытуу сезонуна жетишерлик экени айтылды.
Эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жаңысына алмаштырып жаткандарга 083 формасындагы маалым каттын кереги жок. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактар аркылуу берилген суроолорго жооп берип жатып түшүндүрдү. " 083 формасындагы маалым кат окууну жаңы бүтүп, айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алып жаткандарга керек", — деди Туманбаев. Буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" тиркемеси аркылуу алмаштырганда аталган справка суралып жаткан. Иш башкаруучу 15-январдан баштап тиркемеден бул пункт өчүрүлө турганын белгиледи. Мындан тышкары, күбөлүк бир айга чейин акысыз алмаштырыла турганын билдирген. 14-январдан тартып эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөгө чыкканда жарабай калат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына да иммиграциялык виза берүүнү токтотту. Бул туурасында маалыматты Fox News америкалык диломатиялык ведомствонун кызматттык меморандумуна таянып билдирди. Басылмасынын маалыматы боюнча, чечими 21-январда күчүнө кирет жана канча убакытка чейин созулары белгисиз. Мындай кадам АКШнын иммиграциялык мыйзамдарынын "социалдык жүк" деп аталган жобосунун алкагында текшерүүлөрдү күчөтүү максатын көздөйт дешти. Тизмеде ошондой эле коңшулардан Казакстан, Өзбекстан, Россия бар. Иммиграциялык визалар АКШда туруктуу жашоого берилет. Буга туризм же окуу максатындагы визалар кирбейт.
Францияда 2025-жылы төрөлүү деңгээли 1944-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү. Бул тууралуу АЗЕРТАДЖ агенттиги жазды. Франциянын Улуттук статистика жана экономикалык изилдөөлөр институтунун маалыматы боюнча, 2025-жылы 654 миң бала төрөлгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 2,1 пайызга, ал эми төрөттүн эң жогорку деңгээли катталган 2010-жылга салыштырмалуу 24 пайызга аз. Буга байланыштуу төрөт коэффициенти төмөндөөдө: 2024-жылы бул көрсөткүч 1,61 болсо, 2025-жылы бир аялга 1,56 бала туура келген. "Бул — Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки эң төмөнкү деңгээл", — деп айтылат отчетто.