Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?

Sputnik
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясы — укук коргоо органдары үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого, кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатууга жана заманбап укуктук практикага ылайык кайра окутууга багытталган негизги билим берүү мекемеси болуп саналат. Академияда мыйзамдуулук, адам укуктарын коргоо, коррупцияга каршы аракеттенүү жана прокуратуралык көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, теория менен практиканын айкалышына негизделген окутуу жүргүзүлөт. Кененирээк КРдин Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясынын ректору, генерал-майор Айбек Турганбаев айтып берди.