БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек — Токмок жолунда орточо ылдамдыкты көзөмөлдөө системасы тесттик режимде иштеп жатканын билдирди.
Анын айтымында, атайын камералар орнотулуп, жарым жылдын ичинде ылдамдыкты ашыра айдаган 7 406 факт катталган. Деген менен эреже аталган трассанын кайсы бөлүгүндө бузулганы билинбей калганы кошумчаланды.
Урмамбетов парламентте ИИМдин мас болуп машина айдагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда жол сакчылары салган айып пулдун 10 пайызы алардын маянасына кошуларын да билдирген.