БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстанда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жети кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматта алар Бишкек — Ош жолунда жайгашкан салмак-габариттик көзөмөл постторунан салмагы нормадан ашып кеткен жүк ташуучу унааларды каттабай эле өткөрүп жүргөнү айтылат. Бул кызматы үчүн алар ар бир фура айдоочусунан 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин алып жүрүшкөн. Министрлик посттордон бир күндө 150-200 жүк ташуучу унаа өтөрүн кошумчалады.