Трамп НАТОну Гренландияны алууга көмөктөшүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Түндүк Атлантикалык альянс (НАТО) АКШга Гренландияны алганга жардам бериши керек. Бул тууралуу Ак үйдүн кожоюну Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазганын РИА Новости таратты.
"НАТО Гренландия бизге таандык болушу үчүн күч жумшашы керек ", — деген ал Truth Social социалдык тармагында.
Анын айтымында, эгерде Кошмо Штаттар Гренландияны албаса, анда аны Россия же Кытай "ээлеп коюшу"мүмкүн. Мындан тышкары, Трамп Гренландия АКШга өтсө, НАТО мурдагыдан да майнаптуу, айбаттуураак болот деп эсептейт. Ошондуктан биримдик бул кадамды колдошу керек деген оюн кошумчалаган. АКШ президенти Америкага Гренландия коопсуздук жаатында коргонуу үчүн зарылдыгын билдирген.
Айта кетсек, Гренландия Дания падышалыгынын курамына кирет. Ал 1953-жылга чейин колония макамында турса, 2009-жылы өз алдынча башкаруу жана ички саясатын өзү жүргүзө ала турган автономияга ээ болгон.
Трамптын Гренландия боюнча пландары.
Ак үйдүн башчысы экинчи жолку президенттик мөөнөтү башталгандан тартып эле арал Кошмо Штаттарга кириши керектигин айтып келет. Трамп бул үчүн аскердик колдонбойм деп убада берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле ал үчүн Гренландия маанилүүбү же НАТОбу деген суроого так жооп берген эмес.
2025-жылы декабрда Америка лидери Трамп Луизиана штатынын губернатору Жефф Лэндрини Гренландия боюнча атайын өкүлү кылып дайындаганын маалымдаган. Көп өтпөй губернатор Кошмо Штаттардын аралды өзүнүн бир бөлүгү кылуу ниети бар экенин тастыктаган.
АКШнын Венесуэлага каршы аскердик операциясынан кийин Трамп Гренландия боюнча пландарын улам-улам эске салчу болду. Буга удаа эле Ак үйдүн администрациясынын башчысынын орун басары Стивен Миллердин жубайы Кэти 4-январда Х соцтармагына Гренландиянын Американын желегинин өңүндөй түскө боёлгон картасынын сүрөтүн "жакында" деген жазуу менен жарыялаган.
Мунун баары Гренландияда катуу сынга алынды, парламенттеги беш партиянын тең лидерлери агрессивдүү мамилени айыптап, АКШга кошулууга каршы чыгышты. Өз кезинде Даниянын Вашингтондогу элчиси Йеспер Мёллер Сёренсен Дания менен Кошмо Штаттар жакын союздаш экенин эске салды.
Евробиримдиктин өлкөлөрү эгерде АКШнын Гренландия боюнча коркутуулары иш жүзүндө жасалса, ага карата биримдиктин реакциясы кандай болорун талкуулаган.
Гренландияны АКШга 51-штат катары кошуу боюнча долбоор Конгресске киргизилди