БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Социалдык фонд пенсиялык топтомо каражатын пайдаланууга байланыштуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.
Маалыматка ылайык, жаңы жобо кабыл алынса пенсиялык топтомдогу каражатты ар бир 50 миң сомдон ашкан сайын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, топтолгон каражатты мамлекеттик ипотекага гана эмес, жеке курулуш компанияларынан алынган турак жайга да алгачкы төлөм катары колдонууга жол ачылат.
Долбоор талкууланып, тиешелүү мыйзамдык чечимдер кабыл алынгандан кийин күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, жубайлардын бири ипотека алса, батир сатып алуу үчүн экөөнүн тең пенсиялык фонддо чогулган каражатын бириктирип пайдаланууга уруксат берилген.