Сот Салык кызматынын мурунку эки жетекчисине өкүм чыгарды

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов 400 миң сом айыпка жыгылды, ал эми анын орун басары Ислам Кыдыргычевге 300 миң сом айып пул салынды.
Ленин райондук соттун чечимине ылайык, алар "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.
Экс-жетекчилер 2024-жылы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен мыйзам бузууларга барган деген шек менен кармалышкан.
Абдувапов менен Кыдыргычев атайын наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан да ажыратылды.
Буга чейин Камчыбек Ташиев Салык кызматынын башчысы болуп иштеген адамдан 55 миллион долларга бааланган мүлк табылганын билдирген. Ошол эле учурда ал салык системасында 10 жылдан ашык иштеп, жеке структураларда эмгектенбегенин жана бизнеси жок экенин айткан.
Экс-депутат Аккулу Бердиев алдамчылыкка шектелип кармалды