БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Украинанын Батыштагы тарапташтары өлкөнү Россия армиясы Одесса менен Киевди бошотуп алгыча колдойт. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку аналитиги Ларри Жонсон Deep Dive YouTube каналында Дэниэл Дэвис менен маектешип жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Орустар Киевди, андан кийин Одессаны алышат, Батыштагы адашып жаткан адамдар ошондо гана эсине келет деп ойлойм", — деди эксперт.
Жонсондун айтымында, Батыштын аскердик элитасы азыркы жаңжалды "Украинадан бирдеме калгыдай" кылып бүтүрүү керектигин акыры түшүнүшөт.
Маекте борбор калааны электр кубаты менен толук камсыздоого Киев режиминин кудурети жетпей калганы белгиленип, фронтто аскер күчү тартыш болуп жатканы айтылган. Украиналыктарды согуш талаасына күчтөп жиберишүүдө. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн оор абалына карабай Батыш мамлекеттери колдоосун улантып келишет.
Эскерте кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин India Today телеканалына маек куруп жатып Россия Киевдин көзөмөлүндөгү аймактарды күч менен бошоторун же украин тарап жай тургундарга каршы согуштук аракеттерин токтотуп, ал жактан ыктыярдуу чыгып кетерин белгилеген.