БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Өлкөдө мопеддерди жана электроскутерлерди милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү тартибин киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбооруна ылайык, бул транспорт каражаттарынын ээлери А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алышы керек болот.
Тизмеге төмөнкүлөрдү киргизүү сунушталууда:
кыймылдаткычынын көлөмү 50 см кубдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган мопеддер;
кыймылдаткычынын көлөмү 50 см кубдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдер.
мопеддерге мокиктер, мотороллерлер, скутерлер жана техникалык мүнөздөмөлөрү окшош башка транспорт каражаттары теңештирилет.