Советтер Союзунун Баатыры алты ай согуштун алдыңкы чектеринде жүргөн. Бул мезгил ичинде, ар кыл эсептөөлөргө караганда, немецтин жүзгө чукул офицери менен жоокерин жок кылган.
Алия 1925-жылы Актөбө облусундагы Кобдин районуна караштуу Булак айылында туулган. Жаштайынан ата-энесиз калып, таякелеринин бүлөсүндө тарбияланган. Баса, азан чакырылган аты Илия (кээ бир маалымат булактарда Ылыя — ред.) болгон экен. Кийин согушка барганда жалпыга ылайыктуу болгон үчүн Алия, Лия, Аня деп аташкан.
1942-жылдын 1-октябрында Рыбин авиациялык техникумунда окуп баштайт да, бирок үч айдан кийин эле аскер комиссариатына арыз таштайт. Ошентип 17 жаштагы Алия снайперлерди даярдаган кыздардын мектебине өтөт.
1943-жылдын августунда согушка аттанат. 1944-жылдын 14-январында ефрейтор Молдогулова Псков облусунун Казачиха району үчүн салгылашта курман болгон.
Бул каарман кыз туурасында кыргызстандык режиссер Болот Шамшиев 1985-жылы "Снайперлер" деп аталган көркөм фильм тартып, башкы каармандын ролун кыргызстандык Айтурган Темирова аткарган.