БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 2025-жылдын 10 айында Кыргызстан 25,1 миң тонна шекер импорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Шекердин негизги көлөмү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн алынган. Атап айтканда, Россиядан болжол менен 24,2 миң тонна, ошондой эле Казакстан жана Беларустан 300 тоннага жакын шекер сатып алынган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары да шекер импорттолгон. Тактап айтканда, Азербайжандан 538 тонна продукция жеткирилген. Ошондой эле Иран, Польша, Корея, Түркия жана Тайвандан аз көлөмдө алынган.