Депутат катализатору жок унаалардын ээлерине айып салууну сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Депутат Марлен Маматалиев катализатору жок унаалардын ээлерине айып салууну демилгелеп, мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Анда жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу каралган.
Техкароодон өтүүдө жасалма корутунду бергендерге жана катализатордун ишин имитациялоо менен алектенгендерге жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет, бирок экологиялык системасы жок унааларды пайдаланууга тыюу салган нормалар 2027-жылдын 1-июлунан тарта колдонулат.
Буга чейин Кыргызстанда катализатору жок машиналарды алып-сатууга да тыюу салуу пландалып жаткан.
Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализатору жапырт алмаштырылышы мүмкүн