Чоң көйгөйгө тушугат. Трамп Гренландиянын премьерин зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсенге аралдын Даниянын курамында калуусун жактаган билдирүүсү үчүн чоң көйгөйгө тушугарын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен анын айтканына макул эмесмин. Анын ким экенин дагы билбейм, бирок айтып-дегени чоң көйгөйгө айланат", — деди Трамп журналисттерге комментарий берип жатып.
Буга чейин Нильсен Гренландия АКШнын аралга ээлик кылышын же көзөмөлгө алышын каалабай турганын билдирген.
Гренландия Дания Королдугунун курамына кирет. Ал 1953-жылга чейин колония макамына ээ болуп келген. Ал эми 2009-жылы автономия статусун алып, өзүн-өзү башкаруу жана ички саясатты аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Жакында АКШ Конгрессине "Гренландияны аннексиялоо жөнүндө" мыйзам долбоору киргизилди. Документте бул аймак АКШнын Арктикадагы кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылып, "Россия менен Кытай өз таасирин агрессивдүү кеңейтип жатат" деген жүйө келтирилген.
Ошол эле учурда НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Гренландиянын айланасында Россиянын да, Кытайдын да кемелери жок экенин билдирген болчу.
ЖМК: Трамп Гренландияны басып алуу планын иштеп чыгууну тапшырды