УКМК Бишкектин мурдагы вице-мэри баш болгон кызмат адамдарын кармады

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы вице-мэри баш болгон кызмат адамдары жана жеке компаниялардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 3

УКМК кармалгандар таштанды полигонун курууга бөлүнгөн каражатты туура эмес пайдаланганын кабарлады

2 / 3

ЕРӨБ 2014-жылы 22 миллион евро бөлгөн

3 / 3

УКМК мамлекетке 182 млн сом зыян келтирилгенин маалымдады

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда 2015-жылы Бишкек шаарында жаңы таштанды полигонун куруу жана "Тазалык" ишканасынын техникалык базасын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн 22 миллион евро туура эмес колдонулганы аныкталган.
"Аудиттин алдын ала жыйынтыгы боюнча, бюджетке келтирилген зыян болжол менен 182 миллион сомду түздү", — деди атайын кызмат.
Үстүбүздөгү жылдын 12-январында козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы вице-мэр С.Р.А., "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., ошондой эле подрядчы компаниялардын жетекчилери И.В.Р. менен А.Н.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бюджетке келтирилген зыяндын толук суммасын жана коррупцияга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
С.Р.А. инициалдарына 2014-2018-жылдары Бишкектин вице-мэри болуп турган Рысбек Сарпашевдин аты-жөнү туура келүүдө.
2014-жылы ЕРӨБ Бишкекте таштанды иргөөчү завод куруу үчүн 22 миллион евро бөлгөн. Бирок завод курулган эмес. Президент Садыр Жапаров декабрда таштанды заводун ачып жатып, убагында кызматкерлер кредиттин 16 миллион евросун жеп койгонун айткан.
Текшерүүнүн жыйынтыгы... Медициналык мекемелердин жетекчилери иштен кетти