БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов автоунаа айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө берди.
Алар кыскача төмөнкүдөй:
В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программа бекитилди;
В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 10 айды (жалпы 480 саат) түзөт. Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам берүү, айдоочунун этикасы, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздерин окутуу, практика камтылган;
С категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн окуунун мөөнөтү 10 ай (422 саат);
ал эми В, С категориясына ээ болом дегендер 12 айда 576 саат окуйт;
экзамендерди жасалма интеллект кабыл алат. Мурда 750 суроо болсо, эми анын саны 2000ге жетти;
эгерде окуунун баасы мурда 25-35 миң сом болсо, эми өзгөрөт;
атайын платформа түзүлөт да, окуй турган киши арызын ошол жерге калтырат;
окуунун баасы, арызды берүүнүн жол-жобосу жана автомектептер тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилет;
келечектеги курсанттар үчүн окутуу материалдары даяр;
ал эми учурда автоунаа айдоону үйрөнүү үчүн окуп жаткандар мурдагы программа менен окуп, экзаменди да мурдагы тартип менен тапшырат.