БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жаңысына алмаштырып жаткандарга 083 формасындагы маалымкаттын кереги жок. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактар аркылуу берилген суроолорго жооп берип жатып түшүндүрдү.
" 083 формасындагы маалымкат окууну жаңы бүтүп, айдоочулук күбөлүктү биринчи жолу алып жаткандарга керек", — деди Туманбаев.
Буга чейин мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү "Түндүк" тиркемеси аркылуу алмаштырганда аталган справка суралып жаткан. Иш башкаруучу 15-январдан баштап тиркемеден бул пункт өчүрүлө турганын белгиледи. Мындан тышкары, буга күбөлүк бир айга чейин акысыз алмаштырыла турганын билдирген.
14-январдан тартып эски, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөгө чыкканда жарабай калат.
Буга чейин соцтармакта 083 формасындагы маалымкатты алуу үчүн дарыгерге кирүүгө узун кезекте турган элдин видеосу тараган.