БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Салык кызматынын коррупцияга айыпталган мурдагы жетекчилери Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурду.
Бул ири эки мамлекеттик жетекчинин коррупциялык иштери жана кандайча кармалганы туурасында УКМК кенен түшүндүрмө берген.
Мурдараак Ленин райондук соту аларга өкүм чыгып, экөөнө жалпы 700 миң сомдук айып салынганын айткан.
Алар УКМКнын торуна 2024-жылдын 6-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон ишке байланыштуу түшкөн. Комитет аталган кодекске коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин кармалганын эске салды. Мындан улам экс-төрага жана анын орун басары кодекстин эски редакциясы боюнча соттолгон. Анда айыпталуучу (соттолуучу) күнөөсүн мойнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айып пул салуу каралган.
"А.А.К. жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан", — деп атайын кызматтан билдиришти.
Комитеттен иштин негизги фигуранттарынын моюнга алуу көрсөтмөлөрү, тергөө жана ыкчам иш-чаралар Салык кызматынын системасындагы кызмат адамдары аралашкан коррупциялык схеманы аныктоого жардам бергенин айтышты.
УКМК калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыгы, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын кошумчалады.
Эске салсак, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр жайында Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү, байлыгы такталганын билдирген. Анда ал электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен мыйзам бузган деп кармалганы айтылган.