БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында 9…14, Талас менен Баткен аймактарында 8…13, Ысык-Көл жергесинде 2…7 жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 11…13, Ош шаарында 12…14 градуска көтөрүлөт.