Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек

Sputnik
Апалар колдонгон боектор бир гана адамдын ажарын ачпастан, ден соолукка да пайдасы чоң болгон. Осмо сүйкөп каш-кирпик, чач өстүрүшсө, кына (хна) менен тырмагын бекемдеп, тиш калы менен боелгон кыргыз аялдарынын тиштери 80-90 жашында да түшпөй жакшы сакталганы айтылат.
Фергана өрөөнүнүн кыз-келиндеринин сулуулук каражаттарын изилдеген окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Айша Абдиева аймактын түштүк-батыш чөлкөмүндө жашаган кыргыздар өсүмдүктөрдүн пайдалуулугун билип, талаа-түздөн жыйнап келишкенин, мезгилдин өтүшү менен акырындап бул өсүмдүктөрдү өздөрү өстүрүп, сулуулук каражаты катары кеңири пайдаланышканын айтат.