Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны

Sputnik
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Мария Кушбакова — маек учурунда петарда, салюттардын жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу айтып берди.
Адистин айтымында, пиротехникалык буюмдарды колдонууда абага уулуу заттар бөлүнүп чыгып, дем алуу органдарын дүүлүктүрөт. Бул өзгөчө өпкө оорусу бар, бронхиалдык астма менен жабыркаган адамдар үчүн кооптуу. Түтүн жана химиялык кошулмалар дем кысылууга, оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн. Ошондой эле дарыгер сапатсыз желим оюнчуктар балдардын саламаттыгына олуттуу зыян келтирерин белгиледи.
Алардын курамындагы кооптуу химиялык заттар аллергиялык реакцияларга, ууланууга жана башка терс таасирлерге себеп болушу ыктымал. Мария Кушбакованын айтымында, акыркы 5–6 жылда петарда колдонгондордун саны азайып, бул калктын ден соолугуна жана санитардык коопсуздукка оң таасирин тийгизүүдө.