Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт

Sputnik
Ресурстук эмес экспортту стимулдаштыруу, аймактык өндүрүүчүлөрдү колдоо жана кызмат көрсөтүү экспортун өнүктүрүү Кыргызстандын экспорттук саясатынын негизги багыттарына айланды. Бул алкакта органикалык продукцияларды жана IT кызматтарды тышкы рынокко чыгарууга өзгөчө көңүл бурулууда. 2023-жылдын сентябрынан тартып ишин баштаган “Кыргыз экспорт” борбору экспорттук потенциалды кеңейтүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жана мамлекеттик колдоо механизмдерин чыңдоого багытталган. Ошондой эле экспорттоочулар үчүн акселерация программалары ишке киргизилип, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө. Кененирээк “Кыргыз Экспорт борборунун директору Урмат Такиров айтып берди.