БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 10 миңден ашуун катталуучусу бар блогерлер салык төлөөр-төлөбөсү тууралуу суроого маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жооп берди.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта ушундай өңүттөгү расмий кат тарап жатат. Ага Тагаевдин колу коюлган.
"Азыр талкуу стадиясында, ар кандай сунуш-пикирлер айтылууда. Бул — ошонун бири. "Он миңден ашык катталуучусу бар" деген формулировка Курултайдын катышуучусунун суроосуна жооп катары айтылган. Ал кишинин суроосу дал ушундай формада берилген. Ошол эле учурда он миң катталуучусу бар ар бир адам сөзсүз эсеп ачууга тийиш деген талап жок. Маселе негизинен жарнама аркылуу киреше таап жаткан блогерлер тууралуу болуп жатат. Бул акыркы чечим эмес. Мыйзам долбоорунун тексти даярдалгандан кийин ал коомдук талкууга чыгарылат", — деди Тагаев.
Буга чейин Кыргызстанда блогерлер тууралуу мыйзам долбоору даярдалып жатканын маданият министри Мирбек Мамбеталиев АКИpress агенттигине маек куруп жатып кабарлаган. Аткаминер блогерлер товар жана кызматтарды жарнамалап ишкерлик менен да алектенип жатат деп эсептейт. Мамбеталиевдин айтымында, 50-100 миң киши катталган блогерлер бар, айрымдарыныкы миллиондон ашат, мындан улам мыйзам кандай иштеп, кантип пайдаланылары так аныкталышы керек.