БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ кырдаалга аскердик жол менен кийлигише турган болсо иран эли өлкөсүн коргоп чыгууга даяр. Бул тууралуу республианын БУУдагы миссиясы эскерткенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, Америка лидери Дональд Трамп буга чейин Ирандагы демонстранттарды акцияларын улантып, бийлик органдарын басып алууга чакырган.
Кайрылууда АКШ президенти Ирандагы демонстранттарды мамлекеттик мекемелерди басып алууга үндөгөнү өлкөдө туруксуздукту жаратып, анын эгемендүүлүгүнө коркунуч келтирери белгиленген.
"Мындай билдирүү саясий туруксуздукту кубаттап, зомбулукту козутуп, ага үндөп, Иран Ислам Республикасынын эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирип жатат. Америка Ирандын бийлигин кулатууну самайт, санкциялар, коркутуулар, атайылап уюштурулган башаламандыктар аскердик кийлигишүүгө негиз болуп берет. Мындай сценарий буга чейин да болуп, максатына жеткен эмес. Иран эли өлкөсүн коргойт", — деп айтылат катта.
Иранда нааразылык акциялары 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталды. 1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан соң өлкөдө каршылык акциялары күчөгөн. Өлкөнүн бир катар шаарларында митингчилер полиция менен кагылышып, Ирандын саясий түзүлүшүнө каршы ураандар менен коштолгон. Эки тараптан тең адамдардын өлгөнү айтылууда. Иран бийлиги башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди айыптап жатат.