Бишкектин түндүк-батыш тарабына түшүп жаткан жаңы "Ош" базарынын, тагыраагы, жаңы соода комплексинин жалпы аянты 155 миң чарчы метр. Анын ичинде 10 миңге жакын дүкөн, 500 автокөлүк баткан жер астындагы токтотмо жай бар. Ошондой эле 20 миң чарчы метр кампа үчүн бөлүнгөн.
"Соода комплекси жети блоктон турат. Жашылча жана кургак жемиштерди саткан базар жеңил конструкция менен ортоңку бөлүккө өзүнчө салынып жатат. Үстү жабык, жайында салкындаткан, кышында жылыткан тутуму кошо жасалат. Заманга бап келген соода борбору сыяктуу болот. Бардыгы өз-өзүнчө жайгашат, эски базардагыдай болуп бири-бирине аралашпайт", — деди курулуштун башчысы Талант Керимкулов.
Ал базардын тегерегинде алты миң машина баткан автоунаа короолор пландалганын айтты. Долбоорду азербайжандык архитекторлор чийип бергенин кошумчалады.