Жаңы Батыш автобекети менен жаңы "Ош" базары качан ачылары айтылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жаңы Батыш автобекети менен жаңы "Ош" базары ушул жылдын май айында курулуп бүтүп, ачылат. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Бүгүн Туманбаев менен министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун кандай жүрүп жатканын барып көрүп, текшерген.
1 / 2

Бишкектин четинде курулуп жаткан жаңы "Ош" базары

2 / 2

Бишкектин четинде курулуп жаткан жаңы автобекет

Ал объектилер ШКУнун саммитине чейин иштеп калышы керектигин өкмөт башчыга маалымат берип жатканда айтты.
"Жеке жактардан кымбат алмаксыңар". Жапаров ипотекалык батирлердин баасын айтты