БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып алдамчылык кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр арыз ээсинин тергелип жаткан кылмыш ишин "оң жагына чечип беребиз" деген убада менен 10 миң долларын алып, из жашырышкан.
Аталган кылмышка шектелип 28 жаштагы С.А. менен 49 жаштагы С.М. кармалды. Дагы бир шектүү буга чейин башка кылмыш боюнча УКМК тарабынан колго түшүп, камакта экени белгилүү болду.